Кыргыз тилин кырдаалдык негизде окутуу
Сарылбекова З.
Б.: 2007. — 184 бет. Жаңы типтеги мектептердин 8–11-класстарынын окуучулары үчүн кошумча окуу куралы.Окуу куралында орус мектептеринде кыргыз тилинин орчундуу маселелеринин бири болгон кырдаалдык негизде окутуу ыкмалары берилген. Бул ыкма менен тилге үйрөтүү негизинен окуучулардын турмуштук деңгээлдеги алым-сабак айтышууларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Окуу куралы 8–11-класстардын программалык материалдарын камтыйт. Морфология жана синтаксистин материалдары жалпылоо мүнөзүндө берилип, аны кырдаалдын негизинде практикада колдонуп сүйлөөгө машыгуу сабактарынын иштелмелери сунуш кылынган.